Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде Нооруз майрамы белгиленди

Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде жаздын символу болгон Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди.

Элчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, ага Германиянын ар кайсы федералдык аймактарынан келген кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын башында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, бакубаттуулуктун, тынчтыктын жана биримдиктин символу болгон Нооруз майрамынын маанилүүлүгүн белгилеп, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүн Германия жергесинде мындай улуттук майрамды белгилөөнүн жакшы салтын уланта берүүгө чакырды.

Элчи Нооруздун урматына Германиядагы кыргызстандыктардын бир катар коомдук уюмдарына ийгиликтүү иштери үчүн элчиликтин ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө конокторго атайын даярдалган майрамдык программа тартууланды.

«Улуттук кыргыз кийимдерин жана элечек кийген кыргыз аткаруучулары тарабынан тартууланган элдик «Аластоо» жөрөлгөсү иш-чарага катышкан германиялык жарандардын өзгөчө кызыгуусун жаратты. Келген конокторго кыргыздын улуттук ашканасынын тамактары коюлган майрамдык дасторкон жайылды. Элдик салтты улап, Нооруз майрамынын урматына элчилик тарабынан майрамдык сүмөлөк жасалып, анын даамы мекенибиз Кыргызстанды эске салды», — деп айтылат маалыматта.