Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.
Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтына жакын жайгашкан көчөлөрдө Нооруз майрамына карата унаа каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
2023-жылдын март айынын 17-күнүнөн 22-күнүнө чейин Чүй простпектиси, Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин;
Орозбеков менен Раззаков көчөлөрү, Абдымомунов көчөсүнөн Чүй простпектисине чейин жабылат
Милициянын кайгуул кызматы, өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу, убактылуу киргизилген чектөөлөргө шаардын тургундары жана конокторун түшүнүү менен кабыл алууларын чакырат жана келтирилген ыңгайсыздык үчүн алдын ала кечирим сурайт.
![WhatsApp Image 2023 03 17 at 10.02.22 Ала-Тоо аянтына жакын көчөлөрдө Ноорузга карата унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/03/WhatsApp-Image-2023-03-17-at-10.02.22.jpeg)