Баткен шаарында “Кибер кылмыш” аталышындагы атайын иш-чара өткөрүлдү

Бул тууралуу облустук илициялан билдиришти.

Маалыматка таянсак, Баткен ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан электрондук банкттык картадан, ар-түрдүү электрондук капчыктардан жарандардын акча каражаттарын жашыруун түрдө уурдоо, ошондой эле маалымат технологиялык, кибер-коопсуздукка каршы кылмыштардын алдын алуу максатында жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
“Баткен шаарында 2022-жыл ичинде бул багытта 1 факт катталса, быйылкы жылдын 2 ай аралыгында 1 факт катталды. Ошондуктан, Баткен шаардык ички иштер бөлүмү шаар тургундарын эскертет!
«Электрондук банкттык картанын купуя сыр номерин эч кимге бербеңиздер, интернет аркылуу сатып алууларда сак болуңуз, банкттык карта же электрондук башка капчыктардын сыр сандарын бөлүшпөңүз, ошондой эле телефон алдамчыларынан сак болуңуздар»”, – деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмүнүн 6-пункту уурдоо, башкача айтканда маалымат тутумуна мыйзамсыз кирүү же болбосо телекоммуникация тармактары боюнча берилүүчү маалыматты өзгөртүү жолу менен бирөөнүн мүлкүн жашыруун уурдоо 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

WhatsApp Image 2023 03 17 at 07.04.17 1 Баткен шаарында “Кибер кылмыш” аталышындагы атайын иш-чара өткөрүлдү

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы