Жалал-Абад облусунда күкүрт кислотасын сатууда милиция кызматкерлери кармалды

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан туруктуу негизде ички иштер органдарынын катарларын коомдун көз алдында милициянын беделин түшүргөн мыйзамдуулукту бузуучулардан тазалоого багытталган иштер жүргүзүлүп келет.
“2023-жылдын 10-мартында саат 13:00дө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 284-беренеси (прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо) боюнча мурда катталган материалдын алкагында жүргүзүлгөн атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө, Аксы районунун Кербен шаарында мурда контрабандалык жол менен «күкүрт кислотасы» алынып келинген материалдарды сатуу учурунда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун ИИБнын кызматкери, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 1986-жылы туулган тургуну М.А. үйүнөн 563 кг 700 гр күкүрт кислотасы алынган.
Буга чейин «контролдук сатып алуу» атайын операциясынын жүрүшүндө М.А. Ош облусунун аймагында 330 кг 950 гр «күкүрт кислотасы» прекурсорлорун саткан. Алынган прекурсорлордун жалпы салмагы 894 кг 650 гр. түзгөн.
Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.
Кармалган М.А. КР ЖПКнын 96-беренесине ылайык Өзгөн районунун ИИБнын Убактылуу кармоо жайына киргизилди.

WhatsApp Image 2023 03 15 at 08.01.22 1 Жалал-Абад облусунда күкүрт кислотасын сатууда милиция кызматкерлери кармалды
WhatsApp Image 2023 03 15 at 08.01.22 2 Жалал-Абад облусунда күкүрт кислотасын сатууда милиция кызматкерлери кармалды
WhatsApp Image 2023 03 15 at 08.01.22 Жалал-Абад облусунда күкүрт кислотасын сатууда милиция кызматкерлери кармалды