Бишкек — Ташкент автобус каттамы жанданды

Бишкек — Ташкент автобус каттамы жүрө баштады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз автобекети” ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, автобустар күн сайын саат 16:50дө жана 19:00до Батыш автобекетинен Бишкек — Ташкент каттамы боюнча жүрүүдө. Билет баасы 2000 сомду түзөт.