Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун мушташып жаткан видеосу тарады

12-мартта социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун мушташып жаткан видеосу тарады.

Маалыматка караганда, окуя Бишкектеги кафелердин биринде болгон. Видеодон депутат Абиров белгисиз жаранды уруп жатканын көрүүгө болот.

Депутат ушул эле кийим менен 11-март күнү Жал кичи районундагы балдар аянтчасынын ачылышында болгон.

Депутат Абиров өзү аталган окуя боюнча комментарий бере элек.

Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы аталган факт такталып жатканын билдирди.

Мушташка катышкандардын абалы начар экени айтылды.

image 8 3 Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун мушташып жаткан видеосу тарады
image 9 Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун мушташып жаткан видеосу тарады