Баткендеги Мурас айылына 25 миңден ашуун бадам көчөттөрү отургузулду

Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас айылына 25 миң 600 түп бадам көчөттөрүн отургузуу иштери башталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, бак-дарактарды отургузуу 11-март күнү башталган. Ага министрлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Акция өлкөдөгү экологиянын абалын жакшыртууга жана урпактарыбызга азыркы жана келечектеги мурастарды камсыздоого багытталган.

Мурас айылына бадам көчөттөрүн отургузуу өлкөдө интенсивдүү багбанчылыкты өнүктүрүү программасынын уландысы. 2022-жылы Баткен районунун Кулунда айыл өкмөтүндө (144 миңден ашык көчөт) жана Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Михайловка айылында (144 миңден ашык) 288 миңден ашык мөмө-жемиш өсүмдүктөрү эгилген.

Мындай долбоорлорду Кыргызстандын бардык аймактарында ишке ашыруу пландалууда.