Бишкекте айдоочуларга тоскоол болгон аял киши изделүүдө

Бишкекте милиция жүрүм-туруму менен өзгөчө кырдаал түзө жаздаган айдоочу аялды издеп жатат. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  9-март күнү саат 02:50 чамасында укук коргоо органдарына Махатма Ганди-Боталиев көчөлөрүнүн кесилишинде мас абалындагы аял жол кыймылынын катышуучуларына тоскоол болуп жаткандыгы тууралуу чакыруу түшкөн.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келген, бирок аял из жашырган.

Бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.