Бишкектеги кыздардын мушташында катышкан моделдин аты аталды

12-мартта социалдык тармактарда кыздардын мушташы тартылган видео тарады.
Видеонун автору Заранын айтымында, окуя Бишкектеги түнкү клубдардын биринде болгон. Анын айтымында, модель Сусанна Егорян ага кол салып, андан соң көчөдө мушташууну улантышкан.
Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынын жетекчиси Айбарчын Батырбекова билдиргендей, бул факт боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

Кийин Егорян жеке баракчасы аркылуу окуя боюнча үн катты:

“Кыз көптөн бери мага тийишип жүргөн, өзүнө көңүл бурдурууну каалаган, ал мени таарынткысы келген. Чырдашуу жөн эле жерден болуп кетти”, – деп жазды ал.

Кыргызстандык модель Сусанна Егорян 2017-жылы чырга кабылган. Андан соң Кыргызстандын атынан World Next Top Model эл аралык сулуулар сынагына барып, бирок финалда «Армения» тасмасы менен чыккан.