“10 000 сом акчасын жана кышкы курткасын тартып алган”: Ошто таксистти тоногон жаран кармалды

Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2023-жылдын 9-март күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында тоноо фактысына шектелген жаран кармалдганы маалыматта айтылат.
“Ош шаарынын тургуну 26 жаштагы М. уулу Б., аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда: 2023-жылдын 24-январынан 25-январына караган түнү 05:00 чамасында такси кызматы керек деп чакырып, Кара-Суу районунун аймагында бир даректи айтып ошол дарекке жеткенде айдоочунун (жабырлануучунун) денесине жараат келтирип, 10 000 (он миң) сом акчасын жана кышкы курткасын тартып алгандыгын билдирген.
Аталган факты Кара-Суу РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 206-беренесиндеги (тоноо) кылмыш белгилер боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү 30 жаштагы Ш. уулу З., Баткен облусунун тургуну экендиги аныкталган. Ал буга чейин бир нече жолу соттолгон”, – деп айтылат маалыматта.
Шектүүгө карата сот тарабынан баш коргоо чарасы каралып, 30-апрелге чейин камакка калтырылды.