Күзөт кызматынын өздүк курам арасында өткөрүлгөн кызматтын көптүк түрү боюнча мелдеш аяктады

Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын өздүк курам арасында өткөрүлгөн кызматтын көптүк түрү боюнча мелдеш аяктады. Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз дене тарбия – спорт уюму «Динамо» коомдук бирикмесинин түштүк спорт комплексинде Күзөт кызматынын өздүк курам арасында ок атуу, кызматтын көптүк түрү боюнча мелдеш аяктады.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын милициянын полковниктери Айбек Баеков, Жумабек Чалов жана милициянын капитаны Хасан Абдуллаевдин жаркын элестерине арналган спортчулардын мелдешине республиканын бардык аймактарынан жүздөн ашуун спортчулар катышты.
Бул мелдеште милиция кызматкерлери кызматтын көптүк түрү боюнча, Макаров тапанчасы жана кичи калибирдүү мылтык менен ок атуу боюнча күч сынашты.
Командалык биринчиликтеги эки күндүк мелдештин жыйынтыгында КРдин ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек ш. Октябрь райондук Күзөт бөлүмүн командасы негизги кубокту жана 3000 сом акчалай сыйлыкты утуп алышты. Экинчи орунда Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун командасы, үчүнчү орунда Күзөт кызматынын Бишкек ш. Биринчи май райондук Күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери ээлешти.
Турнирдин жабылыш аземинде спортчуларды мелдештин ийгиликтүү аякташы менен ИИМдин Күзөт кызматынын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков куттуктады. Ал баарына ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалап, келечекте укук коргоо органдарынын спортчулары башка чемпионаттарда жана мелдештерде дагы жогорку көрсөткүчтөргө жетишет деген ишенимин билдирди.

WhatsApp Image 2023 03 11 at 08.17.43 Күзөт кызматынын өздүк курам арасында өткөрүлгөн кызматтын көптүк түрү боюнча мелдеш аяктады