Жарандын Toyotа Camry унаасын сатам деген шылтоо менен 173 миң сомун алып кеткен адам кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын март айында Бишкек шаарынын тургунун А. аттуу жаран Toyotа Camry унаасын сатам деген шылтоо менен 173 миң сом жана 300 доллар акчасын алып, алдап кеткен. Жабырлануучу 18-мартта милицияга кайрылып, аны алдап кеткен жаранга чара көрүүнү суранган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 37 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган»,-деп айтылат маалыматта.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды 0(703) 10-22-61, 0(704) 10-27-02 номерине кабар берүүсүн суранат.