Бүгүн, 8-мартта Спорт ордосунун алдынан зомбулук жана дискриминацияга каршы аялдардын тилектештик тынчтык жөө жүрүшү башталды.
Бул жылы өтө турган жөө жүрүштүн темасы — аялдардын эркиндигине жетүүдөгү тилектештиги.
Жөө жүрүшкө зомбулукту токтотуу боюнча улуттук иш-аракеттер планын киргизүү, үй-бүлөлүк зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу, ар бир райондо мамлекет тарабынан каржыланган кризистик борборлорду ачуу, аялдардын социалдык жана эмгек укуктарын кепилдиктерин камсыз кылуу сыяктуу талаптар менен чыгышты.
![Screenshot 20230308 135246 Facebook 1536x875 1 "Зөөкүрлөр жазалансын!": Бишкекте аялдардын укугу үчүн жөө жүрүш өтүүдө](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/03/Screenshot_20230308-135246_Facebook-1536x875-1-1200x684.jpg)
![image 3 13 "Зөөкүрлөр жазалансын!": Бишкекте аялдардын укугу үчүн жөө жүрүш өтүүдө](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/03/image-3-13.jpg)