
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Өзбекстанга барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, сапардын алкагында Жапаров Өзбекстандын бир нече аймагында жайгашкан өнөр-жай, илимий-техникалык ишканалардын иши менен таанышат.
Ошондой эле, өлкө жетекчилиги менен жолугушары күтүлүүдө.
Андан тышкары, Жапаров Өзбекстандын Жизак облусунун Манас айылында жашаган этникалык кыргыздар менен жолугат.