Обончу, аткаруучу Болот Токтобаев, кызынын кулагына операция жасатуу үчүн жардам сурайт

Обончу жана аткаруучу Болот Токтобаевдин 7 жаштагы кызынын кулагына операция жасатуу үчүн көп суммадагы акча керек. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу кыргыз элинин кайрымдуу жарандарынан жардам сурайт.

«Урматтуу кыргыз журтум!Жараткан тагдырга эмнелерди гана жазбайт,чыдайт экенбиз- түтөт экенбиз.Сиздер көрүп турган кызым Хадижа 2016-жылы «Атрезия и микротия слухового прохода с левой стороны. Смешанная тугоухость 3-4 степени» диагнозу менен төрөлгөн. Врачтар 3 жашында алып келгиле деди, 3 жашында алып барсак 6 жашында алып келгиле деди. 6 жашында алып барсак, эми “операция жасатуу керек” деди. Быйыл апрелде 7 жашка чыгат, беш жашынан бери «ата качан кулагым качан өсөт сиз убада бербедиңиз беле кышта, жазда, жайда өсөт деп» тынчымы алып жүрөгүмдү эзип келет, колуңуздардан келишинче кызымдын кулагын жасатып алышыма жардам берүүңүздөрдү Жараткандан, сиздерден суранып кайрылуудамын, операция Турцияда жасалат экен. Ар кандай баада, бирок эң жөндүүсү 30 000 доллар. Кайрымдуу жакшы адамдар сиздерден үмүт кылабыз. Кыргыздын кайсыл жерде көйгөйү болсо, ошол жерде көкүрөгүн тосуп биринчилерден болуп жүргөн Сыймык Бейшекеев ини-досума тапшырдым эсеп-счетун бүт Сыймык тескейт»,-деп жазылат маалыматта.

Screenshot 2023 03 05 23 14 56 034 edit com.facebook.katana 542x1024 1 Обончу, аткаруучу Болот Токтобаев, кызынын кулагына операция жасатуу үчүн жардам сурайт