Бир катар райондук-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери башка аймактарга ротацияланды

Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылды жыйынтыктаган коллегияда милициянын райондук-шаардык кызматтарын чыңдоо максатында ички иштер органдарынын жетекчилик курамдарын ротациялоо иштерин дагы улантып, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иш-чараларын чыңдоону мындан ары дагы ишке ашыруу керектигин Улан Ниязбеков коллегияда белгилеген.
“ИИМдин буйруктарына ылайык өткөн жумада ички иштер министрлигинин буйругу менен милициянын полковниги Кенжебай Абдуллаев Ош облусунун Араван РИИБдин жетекчиси кызматынан бошотулуп, Баткен облусунун Кызыл-Кыя ШИИБдин начальниги кызматына, милициянын полковниги Нурланбек Бурканов Баткен облусунун Кызыл-Кыя ШИИБдин жетекчиси кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Араван РИИБдин начальниги кызматына, милициянын полковниги Уланбек Коноев Нарын облусунун Жумгал РИИБдин жетекчиси кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБдин жетекчиси кызматына, милициянын полковниги Медербек Муратов Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБдин жетекчисии кызматынан бошотулуп, Талас облусунун Талас ШИИБдин жетекчиси кызматына, милициянын полковниги Асрор Тантиев Талас облусунун Талас ШИИБдин жетекчиси кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБдин жетекчиси кызматына, милициянын полковниги Алтынбек Мусаев Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБдин жетекчиси кызматынан бошотулуп, Нарын облусунун Жумгал РИИБдин жетекчиси кызматына дайындалышты”, – деп айтылат маалыматта.
Жаңы дайындалган жетекчилерге коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана аны алдын алууга, кылмыштардын бетин ыкчам ачууга, кылмыштуу кол салууларды болтурбоого арналган – санарип тутумун бекемдөө, райондордогу негизги жерлерге видеокамераларды орнотуу, жарандардын арыз-кайрылууларына өз убагында жооп берүү жана милициянын көчмө кабылдамалары менен жарандарды кабыл алуу, алар көтөргөн маселелерди чечүү тапшырмалары берилди.