Президент Ак-Ордо конушуна пландан тышкары барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн 5-мартта, дем алыш күнү Ак-Ордо-3 жаңы конушуна барды. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын билдирүүсүнө караганда, президент эч кимге айтпай, керектүү кишилерди даярдатып койбой, күтүүсүз барып эл аралап жүрөт.

«Жашоочулар өздөрү сүрөткө тартып, социалдык байланыш тармактарында таратып жатышат.

Чындыгында биз — маалыматтык саясат кызматы деле билген эмеспиз. Учурдан пайдаланып айтып коюуну туура көрдүм. Кыргызстандын аймагында болуп жаткан маалыматтар, социалдык байланыш тармагындагы талкуулар боюнча мамлекет башчысынын толук маалыматы бар.

Керек учурда өзү күтүүсүз келип калат. Көп учурда өзү эч кимге кабар бербей кыдырып, таанышып жүрө берет», — дейт Орунбеков.

Эске салсак, буга чейин Ак-Ордо конушундагы 4 балалуу келиндин үйүн түрттүрүп салышкан. Бул жагдайда нараазы болгон жергиликтүү тургундар топтолуп нараазылыгын билдиришип, келинге боз үй тигип беришкен. Үйү уратылган келиндин учурда бара турган жери жок. Жолдошу ооруканада экенин билдирди.

Анын айтымында кошунасы жасалма жол менен кызыл китеп чыгартып алган.

Сот келиндин үйү мыйзамсыз салынган деген бүтүм чыгарган.