Ак-Ордодо 4 балалуу келиндин үйү түрттүрүлдү, – видео

Бишкектин Ак-Ордо конушундагы 4 балалуу келиндин үйүн түрттүрүп салышты. Бул жагдайда нараазы болгон жергиликтүү тургундар топтолуп нараазылыгын билдиришти. Үйү түрттүрүлгөн келиндин учурда бара турган жери жок. Жолдошу ооруканада экенин билдирди.

Анын айтымында кошунасы жасалма жол менен кызыл китеп чыгартып алган.

Сот болсо алардын пайдасына чечим чыгарган.

Экинчи тарап да өзүнүн пикирин билдирип, жер өзүнүкү экенин айтууда.