
Вебкам-студия уюштурган Даниель Ажиев ӨКМдин жаңы тик учагын ижарага алды. Бул тууралуу видеолор социалдык тармактарга жарыяланды.
Маалыматка караганда ал апасы менен бирге тик учакта учкан.
Эске салсак, 2020-жылы Ажиев 313-беренеси (улуттар аралык, этникалык, расалык кастыкты козутуу) боюнча айып тагылып, камакка алынган. Кийин соттун чечими менен Жаңы-Жер айылындагы психиатриялык ооруканага дарыланууга жөнөтүлгөн.
Белгилесек, тик учакты бир саат колдонуунун баасы 2 300 долларды түзөт.
“Тик учакты акчасы көп ишкерлер изилдөө жүргүзгөнгө, же бир жакка тез жетүү үчүн жана куткаруу иштерине ижарага алып, колдоно алышат. Аталган тик учак 2 млн 730 миң еврого сатылып алынды. Аны бекер колдонуу мамлекетке келтирилген чыккынчылык деп эсептөөгө болот», — деп айткан ӨКМ министри Бообек Ажикеев.