
Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта, Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин директорунун орун басарынын ишмердүүлүгүндө алдамчылык фактылары аныкталганы айтылат.
"КР УКМК тарабынан КР Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин директорунун орун басары Ж.М. тарабынан алдамчылык фактылары аныкталды.
Ж.М. жооптуу кызматты ээлегенине таянып М.С. аттуу жарандын ишенимине кирип, аны мамлекеттик органдарга ишке орноштурууга убада берип, алдамчылык жолу менен 700 АКШ доллары өлчөмүндөгү накталай акча каражатын ээлеп алганы аныкталды.
Чогултулган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
