Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган долбоор башталды

2-мартта «Hyatt Regency» мейманканасында “InKoom– Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө  көмөк көрсөтүү” долбоорун ишке киргизүүнүн бет ачары болуп өттү.

Долбоор аялдарга, жаштарга жана балдарга зомбулук көрсөтүүнүн деңгээлин төмөндөтүүгө, ошондой эле укук коргоочу уюмдардын жана жеткиликтүү, көз карандысыз жана сапаттуу ресурстары бар ЖМКлардын санын көбөйтүүгө багытталат.

Бул иш чарада 80ден ашуун мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын, эксперттик топтордун, эл аралык уюмдардын, жалпы маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана башкалар катышышты.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева Кыргыз Республикасында аялдар менен эркектердин тең укуктуулугуна жетишүү өнүгүүнүн негизги максаттарынын бири катары таанылганын белгиледи. Бул таануу Кыргыз Республикасынын Конституциясында аялдар менен эркектердин бирдей укуктары, эркиндиктери жана бирдей мүмкүнчүлүктөрү принциби түрүндө чагылдырылган. Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткаруу боюнча өлкөнүн күч-аракети, биринчи кезекте, аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жок кылуу жана БУУнун 2030-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүү жөнүндө жоболорун ишке ашыруу боюнча мезгилдүү отчетторду берүү механизминин алкагында аны ишке ашырууга багытталган. Улуттук мыйзамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегиялар бул принципти иш жүзүндө ишке ашыруунун механизмдери болуп саналат.

Ошондой эле гендердик саясатты жүргүзүүдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын өкмөтүнүн жана жарандык коомунун демократияны өнүктүрүү, адам укуктарын коргоо, гендердик жана социалдык теңчиликти илгерилетүү боюнча аракеттерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Министрлик адам укуктарын, гендердик теңчиликти коргоо жана басмырлоону жок кылуу боюнча жарандык коом уюмдарынын жана массалык маалымат каражаттарынын потенциалын күчөтүүгө багытталган “InKoom – Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө көмөктөшүү” жаңы долбоорун кубаттай турганын жана колдой турганын белгилед.»

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн Элчиси Мэрилин Йозефсон  өз сөзүндө: “Европа Биримдиги тышкы иш-аракеттердин жана жалпы тышкы саясаттын негизги саясий максаты катары гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналат. глобалдык максаттарга, анын ичинде 2030-жылга чейинки күн тартибинин өзөгүн түзгөн Туруктуу өнүктүрүү максаттарына карай прогрессти тездетүүдө дагы.

ТӨМ 5 дүйнөдөгү эң аз каржыланган үч ТӨМдүн бири. ЕБ негизги милдеттенме алды: бардык жаңы тышкы иш-аракеттердин кеминде 85% 2025-жылга карата маанилүү же негизги максат катары гендердик теңчиликти жана аялдар менен кыздардын укуктарын кеңейтүүнү камтыйт. ЕБ гендердик аракет планын (2015-2020) ишке ашыруудагы прогресстин аркасында бул үлүш 2016-жылдагы 58%дан 2019-жылы 65%га чейин туруктуу өстү. Евробиримдик азыр 2025-жылга чейин 85% максатка жетүү милдетин алды.

ЕБнин гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча иш-аракети үч багыттуу мамилеге негизделет: гендердик мейкиндиктин, максаттуу аракеттердин жана саясий диалогдун айкалышы.

Европа Биримдиги Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана жарандык коомунун аялдар менен эркектер, кыздар жана балдар үчүн бирдей укуктарды жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу боюнча аракеттерин буга чейин да колдоп келген жана мындан ары да колдойт”.

Долбоордун максаттары жана милдеттери менен «Социалдык технологиялар агенттиги» Коомдук бирикмесинин директору Кочорбаева Зульфия тааныштырды.

“InKoom– Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө  көмөк көрсөтүү” долбоору басмырлоонун бардык түрлөрү менен, айрыкча аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы күрөшүүдө жарандык коомдун, аялдар жана жаштар уюмдарынын потенциалын бекемдөөгө багытталган, ошондой эле гендердик теңчилик жана аялдардын укуктары боюнча саясий диалогго көмөктөшүүгө активдүү катышуусун жана инклюзивдүү өнүгүүсүн камсыз кылуу, аялдардын чечим кабыл алуусуна алардын этникалык, диний тиешелүүлүгүнө жана майыптыгына карабастан, укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

  • “Кыргыз Республикасындагы майыптыгы бар аялдар жана кыздар”, “Кыргыз Республикасында гендердик-сезимтал журналистиканы өнүктүрүү” аталышындагы 2 негизги изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жана сунуштарын жарыя кылуу боюнча эксперттик топтордун презентациялары сунушталды.

Негизги изилдөөлөрдүн максаты – аналитакалык талдоо, ченемдик укуктук актыларды, расмий отчетторду жана статистикалык маалыматтарды изилдөө, ошондой эле сурамжылоолор, маектешүү жана фокус-группалар аркылуу максаттуу топтордон маалыматтарды, пикирлерди чогултуу аркылуу тематикалык багыттардагы учурдагы кырдаалды аныктоо жана талдоо.

Базалык изилдөөлөр учурдагы кырдаалга баа берүүгө жана долбоордун иш-чараларын андан ары пландаштыруу үчүн кемчиликтерди жана көйгөйлөрдү аныктоого жана долбоордун алкагында мындан аркы аракеттердин актуалдуулугун аныктоого, ошондой эле комплекстүү мамилени иштеп чыгууга салым кошот. Бул компоненттин өзүнчө милдети майыптыгы бар аялдарга басым жасоо менен аялдардын жана жаштардын муктаждыктарын жана көйгөйлөрүн аныктоо болгон.

Изилдөө аналитикалык бөлүктөн тышкары каармандардын – долбоордун максаттуу топторунун өкүлдөрүнүн, анын ичинде майыптыгы бар аялдардын, журналисттердин, ЖМКнын редакторлорунун, ЖОЖдордун журналистика факультеттеринин окутуучуларынын жеке окуяларын камтыйт: