
Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта, Лейлек районунун аймагында райондук ички иштер бөлүмүнүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан “Нелегал” иш-чарасы өткөрүлүп, Раззаков шаарында жайгашкан Карима эне намазканасында Лейлек райондук жергиликтүү имам хатиби менен биргеликте кыз-келиндер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү айтылат.
“Диний жактан билим алып жаткан кыз-келиндер менен экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтер боюнча тааныштырылды. Ошондой эле алардын шарттары, коопсуздугу көзөмөлдөнүп, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында суроо-жооптор өткөрүлдү“, – деп айтылат маалыматта.

