“Аял киши рулга ээ боло албай, арыкка түшүп кеткен, эркек аны сабаган”: Факт каттоого алынып, териштирилүүдө

Күбө тарткан видеодон аял киши айдап бара жаткан «Хонда Фит» унаасынын үстүндө эркек киши жатканын көрүүгө болот. Унаа катуу ылдамдыкта бара жаткандыктан, айдоочу рулга ээ боло албай, арыкка түшүп кеткен. Андан кийин унаадан аял киши «куткаргылачы» деп кыйкырып чыкан. Аялдын артынан эркек киши жолдун ортосуна чейин кубалап, аны ура баштаганда, окуянын күбөлөрү аларды арачалаган.

Биринчи Май райондук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Учурда окуяга катышкан адамдарды табуу боюнча ыкчам-издөө иштери уланууда.

Окуя Бишкектин Профсоюзная көчөсүндө болгон.