Энергетикалык суусундуктарга акциз салыгы 10 эсеге азайтылды

Министрлер кабинетинин 17-февралдагы токтому менен энергетикалык алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгынын чени он эсеге азайтылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, акциз салыгынын чени 2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин 1 литр үчүн 20 сомдун ордуна 2 сомду түзөт. 2024-жылдын 1-январынан баштап бул сумма 30 сомдун ордуна 3 сом болот.

Мындан тышкары, 2024-жылдын 1-январынан тартып сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктарды милдеттүү түрдө маркалоо киргизилет.

Белгилей кетсек, алкоголсуз суусундуктарды маркалоо – бул товардын келип чыгышынын мыйзамдуулугун тастыктоочу натыйжалуу механизми жана калкты контрафакттык продукциядан коргоого багытталган.