Түркияга жардам: 1 млн доллардан ашык акча чогулду

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандарга жардам чогултуу үчүн ачылган атайын эсепке, 2-мартка карата, 88 млн 570 миң сом, 15 миң 250 рубль жана 65 доллар чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, Түркияга жардам үчүн министрликтин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Жардам берүүнү каалаган жарандар ал эсепке сом, доллар, рубль жана евро валютасында акча которо алышат.

Банк: «Айыл Банк» ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсептин номери: № 1350102119900169 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, рубль, АКШ доллары, евро)

Төлөм коду: 14411100 — «Учурдагы жардам»;

Максаты: Түркия Республикасына ыктыярдуу жарандардан жана юридикалык жактардан жардам көрсөтүү.