
Чүй облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 11:51де Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Сокулук районунун Киров, Асылбаш, Шалта жана Москва районунун Садовое, Беловодск айылдарында 3 баллга чейин, Сокулук районунун Шопоков шаарында жана Москва районунун Петровка айылында 2 балган чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.