УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү адам уурдоо фактысы боюнча кармалды, – видео

Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
      Маалыматка караганда, УКМК тарабынан адам уурдоо фактысы боюнча К.Н.Б., С.Ч.Ш.  жана М.А.М. аттуу кылмыштуу топтор кармалган.
      "Такталгандай, 2023-жылдын 19-февралында Бишкек шаарынын аймагында К.Н.Б., С.Ч.Ш. жана М.А.М. алдамчылык жол менен жергиликтүү тургундун жолугушуусун уюштуруп, А.Т. аттуу жаранды белгисиз тарапка алып барышып, күч колдонуп, бычак менен коркутуп, денесине оор залал келтиришкен. Андан кийин, аталган А.Т. аттуу жаранды  эс-учун жоготкон абалда Бишкек шаарындагы батирлердин бирине 3 күн кармашып, күч колдонуу менен коркутуп, 3000 АКШ доллар талап кылышкан.
      Учурда КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда"- деп айтылат билдирүүдө.
      Кыргыз Республикасынын УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана ошондой эле жаштардын спорттук бөлүгүн кылмыштуу элементтерге тартылып кетүүсүн алдын алуу иштерин улантууда.
      Ошондой эле, КР УКМК жарандарды уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуунун бардык фактылары боюнча кайрылууга жана билдирүүгө чакырат.
WhatsApp Image 2023 02 25 at 09.36.14 2 УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү адам уурдоо фактысы боюнча кармалды, - видео
WhatsApp Image 2023 02 25 at 09.36.13 2 УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү адам уурдоо фактысы боюнча кармалды, - видео
WhatsApp Image 2023 02 25 at 09.36.13 УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү адам уурдоо фактысы боюнча кармалды, - видео
WhatsApp Image 2023 02 25 at 09.36.13 1 УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү адам уурдоо фактысы боюнча кармалды, - видео