Айсулуу Тыныбекова Египеттеги мелдеште алтын тагынды

Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa мелдешинде алтын утту.

Тыныбекова аталган мелдештин экинчи күнүндө таймашка чыгып, кармашты 1/8 финалдык баскычтан баштаган.

Алгачкы үч беттештте ал Франция, АКШ жана Украинанын спортчуларын жеңип, финалга чыккан.

Финалдык беттеште ал кытайлык Сяоцзюан Луону 3:2 эсебинде жеңип, мелдештин алтын байгесин тагынды.