Бажы кызматы: Кытайдан 14,3 млн сомдук техника мыйзамсыз алып келинген

Кытайдан мунай тармагында колдонулган 14,3 млн сомдук техника мыйзамсыз алып келинген. Бул туралуу КРнын Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Түштүк-Батыш» бажысынын «Жалал-Абад» бажылык башкаруу борборунун Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана КРнын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө Кытайдан алуучу «С.Д.» ЖЧКнын дарегине келип түшкөн товарларды анык эмес декларациялоо фактысы аныкталган.

Бажы тариздөө үчүн берилген документке (эсеп-фактурага) ылайык, товарлардын 2 бирдиги – «мунай тармагында колдонуу үчүн сордургуч түзүлүштөр» декларацияланган. Бирок бажылык текшерип кароо учурунда 3 бирдик аныкталган.

Кармалган товардын жалпы баасы 14 млн 365 миң 788 сомду түзгөн.

Аталган факт каттоого алынып, материалдар КРнын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Жалал-Абад облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.