“Ортомчу акчанын жарымын берген эмес”: Пакистандыктарды «Достук» мейманканасынан кууп жатышат

Жактоочунун айтуусу боюнча, пакистандыктар «Достук» мейманканасынын 4-кабатын 2022-жылдын 10-сентябрдан баштап, 2023-жылдын 10-июнь айына чейин 500 миң сом акы төлөөгө макул болуп ижарага алышкан.

«Ортодо иш кагаздары менен алектенген Исламбек Жакшымбетов аттуу жаран акчанын жарымын, тактап айтканда 250 миң сомду төлөп, калганын бербей койгон. Бүгүнкү күндө аларды мекеменин администрациясы күч менен чыгарууда», – деп билдирди пакистандык студенттердин жактоочусу.