Унааларда акча уурдап жүргөн адам кармалды

Бир катар унааларды тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жабырлануучулардын биринин айтымында, кылмыш 9-февраль күнү түштөн кийин Чуңкурчак лыжа базасында болгон. Ал киши “Хонда” үлгүсүндөгү унаасын унаа токтотуучу жайга токтоткон. Аталган унаадан 800 доллар жана 55 миң сом уурдалган.

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») менен электрондук каттоо журанлына катталды.

Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган Б.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жаран Аламүдүн районунун аймагында дагы ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталган.