Министр кызматынан кеткен Уланбек Мамбетакунов үн катты

Бүгүн, 24-февралда кызматтан кеткен Билим берүү министри Уланбек Мамбетакунов социалдык тармактагы баракчасында билдирүү жазды.

«Мага ишеним артканыңыздарга ыраазычылык билдирем! Кандай болбосун мен билим берүү системасында калам», — деп жазды ал.

Мамбетакунов 2022-жылдын октябрынан бери министр болуп иштеп келген.

Ал эми, Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, Иманалиев Каныбек Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

photo 5458767781425169724 y 1 Министр кызматынан кеткен Уланбек Мамбетакунов үн катты