УКМК: Өзүн Сот аткаруучулар кызматынын бөлүмчөсүнүн жалган кызматкери кармалды, -видео

      Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 16-февралында КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1980-жылы туулган Т.М.Т. аттуу жаран кармалган, ал өзүн Ош облусунун Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүмчөсүнүн кызматкери катары тааныштырып жүргөн.
      "Кармалган адам, М.Ш аттуу жарандан, Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга коюлган чектөөлөрдү алып салууга көмөк көрсөтүү үчүн 20 миң сом акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган", - деп айтылат маалыматта. 
      Учурда бул иш боюнча иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
WhatsApp Image 2023 02 20 at 11.28.31 УКМК: Өзүн Сот аткаруучулар кызматынын бөлүмчөсүнүн жалган кызматкери кармалды, -видео
WhatsApp Image 2023 02 20 at 11.28.31 1 УКМК: Өзүн Сот аткаруучулар кызматынын бөлүмчөсүнүн жалган кызматкери кармалды, -видео