Суучул Денис Петрашов эл аралык мелдеште алтын утту

Суучул Денис Петрашов АКШдагы Атланта турниринде 200 ярд аралыкка брасс стилинде сүзүүдө биринчи орунду камсыздап, жаңы рекорд койду. Бул тууралуу 19-январда Кыргызстандын сууда сүзүү федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу 200 ярд аралыкты 01:50:51 убактысында сүзүп өтүп, өзүнүн категориясында ылдамдык боюнча жаңы рекорд жараткан.

Белгилей кетсек, ACC Лигасы Америка Кошмо Штаттарынын университеттери арасында өтө турган чоң мелдеш.