ЭлТР “ПолитКлиника” басылмасын 7 миллион сомго сотко берди

“ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы “ПолитКлиника” медиасынын үстүнөн Бишкектин Свердлов райондук сотуна арыз менен кайрылды. Бул тууралуу “ПолитКлиника” басылмасынын жетекчиси Дилбар Алимова билдирди.

Басылмага келип түшкөн доо-арыздын көчүрмөсүндө арыз жазууга “ПолитКлиника” медиасынын 4-февралда социалдык тармактарда жарыяланган “ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” аталышындагы материалы себеп болгон. “ЭлТР” арызында “ПолитКлиника” бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген” деп билдирген.

Компания “ПолитКлиникадан” аталган материалды интернет желесинен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда.

Моралдык зыян катары “ЭлТР” соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

WhatsApp Image 2023 02 20 at 10.16.46 ЭлТР “ПолитКлиника” басылмасын 7 миллион сомго сотко берди