Каптагаев экстердин жолугушуусу тууралуу: “Жабыр тарткан пенде өзү кечириши керек”

Өткөн жумада мамлекет башчы Садыр Кыргызстандын мурдагы президенттери менен жолукту. Жапаров өзүнүн Фейсбук баракчасында «элдин түбөлүк ынтымагы үчүн мурдагы президенттердин башын бириктиргенин» жазды. Буга байланыштуу саясатчы Эмилбек Каптагаев жеке баракчасында өзүнүн ою менен бөлүштү.

“Пенде пенде катары өзүнө карата жасалган итчиликти дагы, зордук-зомбулукту дагы кечиши мүмкүн, бул ар бир пенденин өз ыктыяры, өз эрки. Жараткан деле пенденин көптөгөн күнөөсүнө кечирим берип, бейишинен орун берип коюшу мүмкүн. Бирок ошол ай-ааламдын эгеси болгон Жараткан дагы пенденин башка пендеге карата жасаган күнөөсүн кече албайт, ал үчүн оболу жабыр тарткан пенде өзү кечириши керек. Алты пенденин аш үстүндө арманын айтышып, бири-бирин кектебей кечиштик дешкени бул пендечиликтин эле чегиндеги нерсе, пенде катары бири-бирин түшүнүп, бири-бирин кече беришсин, маа демектен достошуп, тамырлашып, кудалашып деле кетишсин, буга эч кандай каршылык жок. Президент Жапаров эң чоң сооп иш жасаптыр, араздашкан пенделерди жараштыруунун сообу көп экенин ар бир мусулман жакшы билет, “араздашкан эки кишини жараштырып койуу орозо, намаз жана садага берүүдөн да өйдө турган амал” – делет эмеспи Хадистерде. Албетте бул окуя жалпы консолидацияга жол ачат, өбөлгө түзөт, президенттин бул багыттагы аракети колдоого арзыйт, анткени өлкө үчүн ички биримдиктен, өз ара ынтымактан жогорку дөөлөт жок. Бирок ошол пенделердин ич ара келишкени, бири-бирин кечиришкени алардын эл алдындагы жоопкерчилигин, мамлекет алдындагы жоопкерчилигин, ошол элди, ошол мамлекетти түзүп турган адам алдындагы жоопкерчилигин жокко чыгара албайт да, маселенин бул жагы кандай болот? Кептин төркүнү ушунда… ушул суроого жооп өтө маанилүү, ал көп нерсенин башын ачат, келечекти аныктайт...”, – деп жазды Каптагаев.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков жана 14-февралда абактан бошотулган Алмазбек Атамбаев катышты. Жолугушуу белгилүү себептерден улам нейтралдуу жерде өткөн.