Акаев экс-президенттердин жолугушуусу боюнча үн катты

Аскар Акаев экс-президенттердин Дубайдагы жолугушуусу боюнча комментарий берди.

Анда президент Садыр Жапаров жана анын командасы шайлангандан бери өткөн эки жылдын ичинде мамлекеттик жана коомдук турмуштун бардык тармактарында, өлкөнүн ички жана тышкы саясатында көрүнүктүү ийгиликтерге жетишкени айтылат.

Акаев бул жолугушуунун түздөн-түз катышуучусу катары ага элдин жогорку кызыкчылыгына, кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоого негизделип уюштурулганы ачык экенин айтты.

«Жеке мен бул демилгени колдоп, Кыргызстандын бакубат келечеги жана коомдогу стабилдүүлүктүн бекемделиши үчүн кесиптештеримди макул болууга жана колдоого чакырдым. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен дагы Кыргыз Республикасынын элин жалпы эл тарабынан шайланган Президент Садыр Жапаровдун тегерегине биригүүгө жана азыркы түзүлгөн ыңгайлуу кырдаалдан пайдаланып, гүлдөгөн Кыргызстанды куруу үчүн экономикалык көтөрүлүш жасоого чакырам», — деп жазылат Акаевдин катында.

Эске салсак, 18-февралда Садыр Жапаров Кыргызстандын бардык мурдагы жетекчилеринин жыйыны болгонун билдирген. Жолугушуу Дубайда болгону кабарланган.