“Төбөлөрү көккө жетип”: Кыргызстандын куткаруучулары сегиз күндө 5 тирүү жаранды алып чыгышкан

Түркиянын Кахраманмараш шаарында издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жаткан кыргызстандык куткаруучулардын бири Темирлан Жумамүдүнов куткаруу иштерини жүрүшү тууралуу баяндап берди.

Анын айтымында, Кыргызстандан келген куткаруучулар сегиз күндүн ичинде урандылардын астынан 5 тирүү жаранды алып чыгышкан.

«Кош бойлуу түрк келинин куткарганыбыз эч качан эсимден кетпейт. Биздин куткаруучулар алгач келиндин үнүн угуп, ошол жерге бардык. Келинди бир саат дегенде урандылардын астынан алып чыктык. Мен эң биринчи кирген учурумда келиндин абалын сурадым, суу бердик. Келиндин жакындары бизге өз ыраазычылыктарын билдиришти», — дейт куткаруучу.

Темирлан Жумамүдүнов кыргыз куткаруучулары бир эмес, эки адамды келинди ичиндеги наристеси менен куткарып жаткандыктарына төбөлөрү көккө жетип, бир башкача сезимде болушкандыгын кошумчалады.

«Куткаруучу экендигиме, ушул кесипти тандаганыма аябай сыймыктандым», — дейт ӨКМдин куткаруучу-котормочусу.

Кыргызстандан боордош түрк элине жардам көрсөтүү үчүн жалпысынан 182 куткаруучу, анын ичинен 12 фельдшер, алты дарыгер, жер-жерлерде жардам көрсөтүү үчүн көчмө оорукана, ошондой эле атайын үйрөтүлгөн иттер менен алты кинолог жөнөтүлгөн.