Жалал-Абадда көр көчкү алтын казуучу фирманын 4 кызматкерин басып калган

Жалал-Абаддын Ала-Бука районуна караштуу Штамберди участкасында «Фуголд Майниг» алтын казуучу фирмасына кар көчкү түшкөн.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, фирмада иштеген төрт кызматкер кар алдында калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Төрт жаран кен казуучу компаниянын кызматкерлери тарабынан чыгарылып, аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда баарынын абалы туруктуу экени айтылууда.

Жерине райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн тийиштүү кызматкерлери тартылган. Бирок Ала-Бука — Каныш-Кыя — Кировка унаа жолунун 45-чакырымына кар күрткү түшүп, автоунаа өтө албагандыктан алар туруктуу ордуна кайтышкан.