Сот Асия Сасыкбаева менен БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеваны камакта калтырды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчы Асия Сасыкбаева менен БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеваны бөгөт чарасын карап, 20-апрелге чейин камакта калтырды.

Журабаева эч кандай тергөө жүрбөгөнүн айтты.

15-февралда райондук соттун чечими менен 11 жаран 20-апрелге чейин тергөө абагында калды. Нурлан Асанбековдун жана Орозайым Нарматованын үй камагы эки айга узартылды.

16-ыевралда Айданбек Акматов, Атай Бейшенбек, Айбек Бусурманкулов, Кубаныч Кадыров, Марат Баязов жана Эрлан Бекчоро 20-апрелге чейин камакта калды.

Мамбетжунус Абылов ооруканада жаткандыктан анын бөгөт чарасы сырттан каралып, ал дагы эки айга тергөө абагында калтырылды.

Өткөн жылдын октябрь айында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразычылыгын ачык билдирип жүргөн 20дан ашуун саясатчы, активист жана блогер камалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген шек менен кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого саясатчы, активисттердин 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгон.