“Биздин күнөөбүз аныктала элек”: «Ихсан» турак жайынын директорлор кеңешинин төрайымы журналисттердин суроолоруна жооп берди

Бүгүн, 17-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Ихсан» турак жай кооперативи боюнча кылмыш иши сотто каралды.

«Ихсан групп ЛТД» кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы журналисттердин суроолоруна жооп берип, өзүнө коюлган айыптар боюнча төмөндөгүлөрдү айтты.

«Биздин күнөөбүз аныктала элек. Азыр бир нерсе айтуу али эрте. Жабырлануучулар тарабынан жазылган арыздар компаниянын атына жазылган. Азыр териштирүү иштери бүтө элек…»,-дейт Акинай Бекмурзаева.

Белгилей кетсек, «Ихсан групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин башкармалыгына жана уюштуруучуларына 209-берене (алдамчылык), 210-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон. Кооперативдин жетекчилиги тарабынан кардарларга төлөнбөй калган сумма 121 млн 313 миң 950 сомду түзгөн. Ички иштер министрлиги «Ихсан групп ЛТД» кооперативинин мүлкү, банк эсептери камакка алынганын, башкармалыктын кызмат адамдары жана негиздөөчүлөрү тергелип жатканын билдирген.

Буга чейин аталган кооперативге нааразы болгон тургундар бир нече жолу митингге чыгышкан. Убадаланган мүлктү ала албаган кооператив мүчөлөрү акчаларын кайтарууну талап кылышкан. Ошондой эле бийликтен бул ишти көзөмөлгө алууну суранышкан.