Бишкекте энеси, кызы жана уулу өлтүрүлдү. Шектүү кармалды

Бишкек шаарындагы оор кылмышты жасоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын 5-кичи районунда адам өлтүрүү фактысы катталды. Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын ИИББнын жана Октябрь РИИБдин тергөө ыкчам тобу менен биргеликте кароо жүргүзүлдү. Аталган даректе энеси, кызы жана уулунун денесине оор залалдар келтирилген жансыз денелер табылган.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБде катталган.

Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын ИИББнын жана Октябрь РИИБдин тергөө ыкчам тобу тарабынан толук кароо жүргүзүлүп, анда адамдардын кол тактары, буюм далилдер алынып, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары Баткен облусунун тургуну, 1986-жылы туулган Ч.А. кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге жеткирилип, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Азыркы убакта бул факт боюнча ар тараптуу, толук кандуу, объективдүү териштирүү иштери колго алынып, тийиштүү экспертизалары дайындалып, ыкчам иликтөө иш чаралар жүрүүдө.

Кармалган жаран мурда УКМКда иштегени белгилүү болду, ал ошондой эле шайлоого катышкан, спорттун чебери экени аныкталды.

46555209 3a6e 4a2e 83cb 43a51fe92b36 Бишкекте энеси, кызы жана уулу өлтүрүлдү. Шектүү кармалды
13588f8f 0720 4a40 b57e 9a65ee086cd0 Бишкекте энеси, кызы жана уулу өлтүрүлдү. Шектүү кармалды
88fda053 b324 4bd7 9c52 7bbf4ad40e3d Бишкекте энеси, кызы жана уулу өлтүрүлдү. Шектүү кармалды