Мурда соттолгон жаран алдамчылык аракеттерине шектелип кармалды


Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын жергиликтүү тургундары 2022-жылдын ноябрь айында курма мөмө-жемишин сатып берем деп алып кетип, изин жашырып кеткен жарандын үстүнөн 8 арыз менен кайрылган. Арызданган жарандарга жалпысынан 82 700 сомдук зыян келтирген
Бул арыздар Кадамжай РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Исхак-Полотхан айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 43 жаштагы тургуну А.К. Аксы районунан кармалып келди.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү 43 жаштагы А.К. мурда да алдамчылык кылмышы менен сот жообуна тартылгандыгы белгилүү болду.
Азыркы учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы