Үч адамды өлтүрүүгө шектелген жаран ЖКга талапкер болуп, УКМКнын 9-кызматында да иштеген

Бүгүн, 17-февралда Бишкектин 5-кичи районунда үч адамды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалганы кабарланган.

Ал Баткен облусунун Кадамжай районунун 1986-жылы туулган А.Ч.К. аттуу жаран. Кол күрөш боюнча спорттун чебери. Белгилүү болгондой, кылмышка шектүү буга чейин Кадамжай району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп, УКМКнын 9-кызматында да иштеген.

Эске салсак, кечээ, 16-февраль күнү саат 21:00дөр чамасында милицияга борбор калаанын 5-кичи районунан үч адамдын — 1972-жылы туулган аялдын, 2005-жылы туулган кыздын жана жаш баланын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Кийинчерээк апасы жана анын эки баласы (кызы жана уулу) каза болгону белгилүү болгон.

331276789 1184301278894464 6289265363264439245 n 1024x703 1 Үч адамды өлтүрүүгө шектелген жаран ЖКга талапкер болуп, УКМКнын 9-кызматында да иштеген