Сокулукта бир нече алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды

Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сокулук РИИБне арыз менен 1975-жылы туулган М.Б. аттуу жаран кайрылган. Кайрылуусунда “Айкыз” аттуу жаран алдоо жолу менен “Ак-Ордо” жаңы конушунан үй алып берүүнү убадалап “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаасын жана 45000 сом акчасын алып кайтарып бербей жүргөндүгүн билдирип, чара көрүп берүүнү суранган.
“Аталган факт Сокулук РИИБне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип 1956-жылы туулган Ш.А. кармалып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилген”, – деп айтылат маалыматта.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү Ш.А. мындан башка ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого тиешеси бар экендиги аныкталган.
Эгерде жогорудагы кармалган жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар болсо, Сокулук РИИБине же нөөмөт бөлүмүнүн 0312 60-75-67 телефонуна кайрылсаңыздар болот.