Россия Кыргызстандын форель балыгын киргизүүгө тыюу салды

Россельхознадзор Кыргызстандын ветеринардык кызматына Россияга жөнөтүлгөн форель жана форель икраларын сертификациялоону токтотуу өтүнүчү менен кайрылды.  Бул тууралуу obzor.city басылмасы жазып чыкты.

Андагы маалыматтарга караганда, ага себеп аталган балыктын курамындагы зыяндуу заттардын табылгандыгына байланыштуу болгон.

«Россельхознадзор эки жылдан бери Россияга Кыргызстандан кирген форель жана форель икраларында тыюу салынган жана зыяндуу заттардын уруксат берилген чегинен ашып кеткенин бир нече жолу аныктады», — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, инспекторлор форелди текшерүү учурунда дарыя форелдерине мүнөздүү эмес, чоңураак балыктардын бар экендигин аныктап, анын келип чыгышына шектенүүлөрдү жараткан.

Буга байланыштуу Россельхознадзор 2023-жылдын январында балык азыктарын чыгарган 9 кыргызстандык ишкананы текшерүү демилгесин көтөргөн.

«КРнын ветеринария тармагындагы компетенттүү департаментинен жооп болбогондугун, ошондой эле бул товарлардын Россиянын аймагына жеткирилип жатканын эске алып, Кызмат 16-февралдан тарта чет элдик кесиптештерине кайрылган. 2023-жылы Кыргызстандын бардык ишканаларынан орусиялык реципиенттерге форель жана форель икраларын сертификациялоо токтотулсун», — деп айтылат кайрылуунун текстинде.

Россельхознадзордун адистери Кыргызстандагы балык азыктарын өндүрүүчүлөрдү текшерүүдөн өткөргөндөн кийин жеткирүү кайра жанданышы мүмкүн деп болжолдонууда. Ведомство ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясына текшерүүнү уюштурууга жана ага өкүлдөрдүн катышуусуна көмөк көрсөтүү максатында кайрылган.