Кадамжайда милиция кызматкерлери Афганистандагы согуштун ардагерлерине жагымдуу маанай тартуулашты

Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

“Кадамжай районунун аймагында милиция кызматкерлери 15-февраль-советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 34 жылдыгына жана 23-февраль-Ата Мекенди коргоочулар күнүнө утурлай окуучулардын арасында патриоттук сезимдерди ойгото турган иш-чараларды уюштурушту. Мындан сырткары, район аймагында өткөн Афганистандагы согуштун ардагерлерине арналган майрамдык иш-чараларда милиция кызматкерлери коомдук тартипти камсыздашты”, – деп айтылат маалыматта.

Ардагерлерге жагымдуу маанай тартуулоо максатында тартип сакчылары аларды милициянын көчмө кабылдамасында шаарды айландырууга алып чыгышты. Афганистандагы согуштун ардагерлери милиция кызматкерлеринин көрсөткөн сый-урматына ыраазы болушуп, жагымдуу маанай тартуулашканы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

WhatsApp Image 2023 02 16 at 11.23.10 Кадамжайда милиция кызматкерлери Афганистандагы согуштун ардагерлерине жагымдуу маанай тартуулашты
WhatsApp Image 2023 02 16 at 11.23.04 1 Кадамжайда милиция кызматкерлери Афганистандагы согуштун ардагерлерине жагымдуу маанай тартуулашты