Акылбек Жапаров: Үч жылда курулуп жаткан 546 объектини бүткөрүүгө аракет жасайбыз

2023-жылы курулушу 50 пайызга аяктап калган мектептер ишке берилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, тизмеде болжол менен 65 мектеп бар.

“Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жакынкы үч жылда курулуп жаткан 546 объектини бүткөрүүгө аракет жасайбыз. Жакынкы 10 жыл аралыгында калктын санынын өсүшү күтүлүүдө. Буга байланыштуу жыл сайын 24 жаңы мектеп куруу зарыл. Биз муну эске алуудабыз”, — деди ал.