Өлкөдө айрым жолдорго акы төлөнөт. Тизме

Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Автомобиль жолдору жѳнүндѳ” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Маалым болгондой, мыйзам долбоору жол тармагындагы процесстерди жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча санариптик чечимдерди ийгиликтүү ишке ашыруунун эл аралык тажрыйбасынын контекстинде жол тармагын колдоо жана өнүктүрүү боюнча милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Тагыраак айтканда, мыйзам долбоору акы төлөнүүчү жол концепциясын киргизүү; акы төлөнүүчү автомобиль жолдорун түзүү, автомобиль жолдорун акы төлөнүүчү объект катары пайдаланууну уюштуруу жана мөөнөттөрү боюнча чечимдерди кабыл алууда мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары; реконструкциялоого жана эксплуатациялоого инвесторлорду стимулдаштыруу боюнча чаралар, акы төлөнүүчү жолдорду курууга жана башкарууга жеке инвесторлордун катышуусунун формалары боюнча нормалар сунушталууда.

Талкуу маалында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Кыргызстанда акы төлөнүүчү жолдорго кайсы жолдор кирерин сурады.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев акы төлөнүүчү жолдор мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн жардамы менен куруу пландалып жаткандыгын белгиледи.

“Акы төлөнүүчү жолдорго Өзгөн айланма жолу, Алмата — Чолпон-Ата жолу, Бишкек шаарындагы батыш айланма жолу, Сосновка жолу, Төө-Ашууда курула турган жаңы туннелдин жолу кирет”, — деген Ырысбек Бариев жолдор оңдолгондон кийин акы төлөөгө киргизилерин жана жолдордун тизмеси толукталарын белгиледи.

Мындан тышкары, депутат Медер Алиев акы төлөнүүчү жолдордун болжолдуу акысы канча болорун сурады.

Министрдин орун басары, азырынча баасы белгисиз экендигин айтып, баа жолдордун курулушуна кеткен сметалык баага жараша болорун жана аны компетенттүү органдар иштеп чыгарын белгиледи.

Депутат Элвира Сурабалдиева Кыргызстан боюнча жолдордун канча пайызы жакшы абалда экендигин сурап, “жалпы пайдалануудагы жолдордун 40-45 пайызы жакшы абалда” деген жооп алып, ага канааттанган жок.

Ошондой эле, депутат акыркы 30 жылда жолдорду оңдоого канча каражат жумшалганына кызыкты. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары өлкө эгемендүүлүк алгандан бери жолдорду оңдоого жалпы 2 млрд 700 млн сом жумшалганын айтты.

Мындан тышкары, Элвира Сурабалдиева акы төлөнүүчү жолдор курулгандан кийин канча жылга кепилдик берилерин сурап, “биринчи оңдоого чейин 7 жыл кепилдик берилет” деген жооп алды.

Талкуунун соңунда аталган мыйзам долбоор Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан экинчи окууда кабыл алынды.