Ысык-Ата районундагы “Империя-Пиццы” кафесинде ок аткан жаран кармалды

  Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2023-жылдын 29-январь күнү Ысык-Ата РИИБге Кант шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Империя-Пиццы” кафесинин администратору 1982-жылы туулган Б.А.   арыз менен кайрылган. Себеби 2023-жылдын 29-январь күнү болжол менен саат 05:50 чамасында  азиат улутундагы болжол менен 30-40 жаштагы белгисиз адам мас абалында коомдук тартипти бузуп, белгисиз үлгүсүндөгү травматикалык тапанча менен бул кафенин 2-кабатынан кафенин күзөтчүсү,  Ысык-Ата районунун тургуну 1984-жылы туулган Т.С.  тарапка ок чыгарган. Натыйжада күзөтчү Т.С. сол далысынан жаракат алган. 
      "Бул факт Ысык-Ата РИИБге катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.  
Тергөө учурунда күзөтчү Т.С. өз ыктыяры менен кийип жүргөн кийимдерин, травматикалык тапанчанын гильзасын, бир даана тоголок-желим (резиновый) окту өткөрүп берген. Ошондой эле кылмыш иштин алкагында соттук-медициналык, соттук-баллистикалык жана соттук-трассологиялык экспертизалар дайындалган", - деп айтылат маалыматта.
     Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын тургуну 1986-жылы туулган М.М.  аныкталып,  Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тергөө уланууда.
WhatsApp Image 2023 02 14 at 08.43.35 Ысык-Ата районундагы “Империя-Пиццы” кафесинде ок аткан жаран кармалды